КРСУда Камкорчулар кеңешинин жыйыны өттү. Кандай чечимдер кабыл алынды

Жыйындын соңунда бир катар орус-кыргыз уюмдарынын кызматташуулары боюнча келишимге кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. КРСУнун Камкорчулар кеңешинин жыйыны өтүп, анын аталган кеңештин төрагасы Камчыбек Ташиев ачты.
Чогулушта окуу жайдын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата өнүгүүнүн негизги багыттары бекитилген. Ага Россия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титов катышып, КРСУ Россия менен Кыргызстандын гуманитардык, технологиялык багыттагы алакасы үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.
1 / 3

Жыйындын жыйынтыгында орус-кыргыз уюмдарынын кызматташуулары боюнча келишимдерге кол коюлду.

2 / 3

КРСУнун Камкорчулар кеңешинин жыйыны өтүп, анын аталган кеңештин төрагасы Камчыбек Ташиев ачты.

3 / 3

Чогулушта окуу жайдын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата өнүгүүнүн негизги багыттары бекитилди.

Университеттин ишмердүүлүгүнүн докладын ректор Сергей Волков окуп, билим берүү, илим жана инсфраструктура тармактарындагы иштердин жыйынтыктары менен тааныштырды. Ошондой эле окуу жайдын инфраструктурасы, анын ичинде анын жаңы кампусун куруу, өнөктөштөр менен биргеликте окуу жана илимий аянтчаларды ачуу жаатында талкуу болду.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар орус-кыргыз уюмдарынын кызматташуулары боюнча келишимге кол коюлду. Тактап айтканда, КРСУнун базасында билим берүү жана инженердик долбоорлорду өнүктүрүүнү, ошондой эле гидроэнергетика боюнча долбоорду караган "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен меморандум түзүлдү. Мындан тышкары, "Киров заводунун" көмөгү менен кесиптик даярдыктардан өткөрүү боюнча Россия-Кыргыз борборун түзүү сүйлөшүлдү. Кыргызстандын Салык кызматы менен "Газпром Кыргызстандын" өз ара иштешүүсүнүн жол картасы бекитилип, студенттердин санариптик жана ишкердик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган Wildberries компаниясы менен да меморандумга кол коюлду.
КРСУда Кыргыз тили жана Манас таануу борбору ачылды