Бишкекте жалаң мечиттерде ууру кылып жүргөн шектүү кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте жалаң мечиттерде ууру кылып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-январь күнү Свердлов райондук милициясына арыз түшкөн. Анда жабырлануучу “Дордой” базарынын жанындагы мечиттен акча салынган капчыгын, чөнтөк телефонун, жеке буюмдарын уурдатып ийгенин жазган.
Аталган факт боюнча “Уурулук” беренеси менен иш козголуп, 18 жаштагы шектүү кармалган. Шаардык милиция ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганын белгилеген.
“Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал мечиттерден уурулук кылууга адистешкен. Уурдаган телефонду сатып, акчаны коротуп салган”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө уланууда. Милиция башка жабырлануучулар болсо төмөнкү номерлерге байланышууну сунуштады: 0999 15-07-36 же 102.
Бишкекте банк кызматкеринин атын жамынган шылуун кармалды