Толук алсыратып бүттү. Америкалык профессор Киев туюкка кептелгенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Россия Украинанын куралдуу күчтөрүн дээрлик толук алсыратып бүттү. Бул тууралуу Чикаго университетинин профессору Жон Миршаймер Дэниел Дэвиске берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Америкалык профессор Киев режими стратегиялык туңгуюкка кептелгенин белгилеген.
"Россия аскерлери украиндерди болушунча алсыратты. Украин армиясы дезертирлик, аскерге чакыруудан качуу жана жоготуулардан улам олуттуу кризиске кептелди. Украиндер туюкка камалды деп айтууга болот. Россия үчүн ишти акырына чыгарып, жыйынтыктамай эле калды", — деген Миршаймер.
Окумуштуунун айтымында, Россия куралдуу күчтөрү көрсөткүчтөр боюнча украин армиясынан үстөмдүк кылып жаткан учурда, Киев коргонуу туруктуулугу жагынан улам жаңы кыйынчылыктарга туш болууда. Анын божомолунда, жаңжал жыл соңуна чейин логикалык жыйынтыкка келиши мүмкүн.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде РФ аскерлери Запорожье облусундагы Терноватое жана Речное калктуу конуштарын, ошондой эле Донецкидеги Берестокту көзөмөлгө алышты. Агенттик бир жуманын ичинде украин армиясы тогуз миңге жакын аскерин жоготконун жазды.
Словакия премьери украин чыры 2027-жылдын ноябрына барып токтоорун боолголоду