Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президенттин тапшырмасына ылайык, Министрлер кабинети социалдык турак жай программасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, МИК аркылуу берилген турак жай жарандардын менчигине өтөт, социалдык турак жай — бул ипотека эмес, ижаранегизиндеги турак жай Программа жетимдерге жана муктаж жарандарга багытталат. Учурда тиешелүү программа иштелип чыгууда.
Нарында облустук жана райондук прокуратура үчүн салынган жаңы имараттар ачылып, салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Облустук прокурорлор үчүн имарат салууга республикалык бюджеттен 85,5 миллион сом бөлүнгөн. "Президентибиз кыялыбыздагы жаңы Кыргызстанды курабыз деп жатат. Мындай учурда биз бардыгыбыз, айрыкча, мамлекеттен айлык алган мугалимден тартып прокурорлорго чейин өзгөрүшүбүз керек ", — деген өкмөт башчы. Ал дубанда 9,4 миллиард сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган.
Кыргызстандыктар күнүнө сейилдөөгө орто эсеп менен 20, ал эми спорт жана дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоого 4 мүнөт бөлөт Бул тууралуу Статкомдун маалыматында айтылат. Көрсөткүчтү бөлүп карай турган болсок, мырзалар ага бир күндө 7 мүнөт, ал эми аялдар болгону 2 мүнөт убакыт сарпташат экен. Учурда кыргызстандыктардын 15 пайызы гана спорт менен машыгат, бийлик жакынкы жылдарда көрсөткүчтү эки эсеге көтөрүүнү көздөөдө.
Россия АКШнын Кубага каршы жасаган кастык аракеттерин айыптайт. Бул тууралуу РФ ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "БУУ кабыл алган жоболор, уставдар жана башка эл аралык укуктарды сактабастан, эгемендүү өлкөгө карата бир тараптуу санкциялык чараларды колдонуу — таптакыр жол берилгис нерсе. Кубанын өкмөтү жана анын жарандарына карата мыйзамсыз, тыюу салынган кадамдардын жасалышын чечкиндүү түрдө айыптайбыз", — деп белгилеген дипломат. Бейшембиде Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Кубага мунай жеткирген өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн киргизүү жөнүндөгү жарлыкка кол коюп, Гаванадан улуттук коопсуздукка коркунуч туулуп жатат деген жүйө менен өзгөчө кырдаал жарыялады. Захарова Вашингтондун кадамдарын Кубага карата басым көрсөтүү стратегиясынын кайталанышы жана аны экономикалык жактан кысуу аракети деп сыпаттаган. Анын айтымында, Москва менен Гавананын кызматташтыгы үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес, алака мындан ары да өнүгө берет.