2025-жылы Мамлекеттик бажы кызматы бажы процесстерин санариптештирүү боюнча иштерди ишке ашырды. Бул тууралуу аталган кызматтын коллегиясында айтылды. Анда белгилегендей, ишканалар үчүн жол-жоболордун саны 18ден 9га чейин кыскартылды, ал эми бажы көзөмөлүнөн өтүү үчүн талап кылынган убакыт 5 сааттан 1 саатка, ал эми айрым өткөрүү пункттарында ондогон мүнөттөргө чейин кыскарды. Кызматкерлердин санын көбөйтпөстөн, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү үч эсеге көбөйдү. Негизги көрсөткүчтөрдү онлайн мониторинг кылуу жана башкаруу чечимдерин аналитикалык колдоону камсыз кылган заманбап Кырдаалдык борбор түзүлдү. Жүктөрдү жеткирүүнүн коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн бажы транзити модулу киргизилди. 2025-жылдын октябрь айынан бери QR коддорду колдонуу менен онлайн төлөм системасы аркылуу дээрлик 2 мдрд сомго төлөмдөр иштетилген.
Астана шаарында Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен биргеликте Кыргыз киносунун күндөрүн ачылды. Элчиликтен билдиришкендей, ачылыш аземде Кыргызстандын элчиси Кудайберген Базарбаев казакстандык көрүүчүлөрдүн кыргыз кинематографиясына болгон туруктуу кызыгуусун белгилеп, буга чейин элчилик тарабынан тартууланган «Бейиш эненин таманында» тасмасы 2024-жылы Казакстанда кинопрокаттын лидери болгонун эске салды. Иш-чарага Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын башчылары, кыргыз диаспорасы, ошондой эле Астананын жогорку окуу жайларында академиялык алмашуу программалары боюнча билим алып жаткан кыргызстандык студенттер катышты. Ачылыш тасмасы катары режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» тасмасы көрсөтүлүп, ал толо зал менен өтүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты. Бул окуя Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды.
Россиянын коопсуздугунун бекем болушу — Украинанын коопсуздугунун мыкты кепилдиги, бирок бул тууралуу Батышта эч ким айтпайт. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко айтты. "Эгерди биз Украинанын аймагы Россиянын коопсуздугуна коркунуч жарата турган плацдарм катары колдонулбай турганын түшүнсөк, анда Украинанын коопсуздугу камсыздалат", — деген ал.
Германия коомчулугунда өкмөттүн өз жарандарынан көрө Украинага көбүрөөк көмөк көрсөтүп жатканына нааразылык күчөп, талаш-тартыш жаралды. Бул тууралуу немец басылмасына таянып РИА Новости жазды. Ушул айдын башында Берлинде асма кабелдик көпүрөдө өрт чыккан. Анын кесепетинен миңдеген ишканалар жана он миңдеген кожолук электр жарыгы менен жылуулугу жок калган. Басылма дал ушундай ички муктаждыкка карабай, Украинага гуманитардык жардам кетип жатканына эл нааразы экенин жазган. "Германия Украинага жылуулук электр станцияларын жана авариялык генераторлорду берип, жардамдашууда. Бирок кубатыр өчкөн учурда дал ушундай жардамга Берлиндин тургундары өздөрү муктаж болду. А биздин туруктуулугубузду ким ойлойт", — деп айтылган макалада. Автордун белгилешинче, ушундай шартка карабастан, өлкө жетекчилиги Киевге берилчү жардамды кыскартып, ресурстарды өз калкына багыттоону ойлогон да эмес. Мындан улам Украинага көрсөтүлүп жаткан жардам боюнча сын-пикирлер көбөйүүдө.