Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин катыштыруу пландалууда. Бул тууралуу уюмдагы Кыргызстандын улуттук координатору Алмаз Букалаев билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган учур ШКУнун саммити менен дал келет. Букалаев ошондой эле Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде кеминде 40тай ири иш-чара өткөрүлөрүн белгиледи. Алар экология, коопсуздук, маалыматтык технологиялар жана башка багыттардагы кызматташтыкты камтыйт. "Кыргызстан үчүн ШКУ сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык уюмга негизделгенине 25 жыл толгон маалда төрагалык кылуу чоң сыймык. Бул биз үчүн жөн гана административдик милдет эмес, мүчө мамлекеттердин ишениминин белгиси. ШКУнун алкагындагы негизги багыттар — коопсуздук жана экономикалык кызматташтык. Кыргызстанда быйыл уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын кеңири багыттарын камтыган көптөгөн иш-чаралар пландалган", — деди ал. Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы 31-августта Бишкекте өтүп, жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көл жээгинде болот.
КРСУнун Камкорчулар кеңешинин жыйыны өтүп, анын аталган кеңештин төрагасы Камчыбек Ташиев ачты. Чогулушта окуу жайдын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата өнүгүүнүн негизги багыттары бекитилген. Университеттин ишмердүүлүгү, билим берүү, илим жана инсфраструктура тармактарындагы иштердин жыйынтыктары тааныштырылды. Ошондой эле окуу жайдын инфраструктурасы, анын ичинде анын жаңы кампусун куруу, өнөктөштөр менен биргеликте окуу жана илимий аянтчаларды ачуу жаатында талкуу болду. Жыйындын жыйынтыгында бир катар орус-кыргыз уюмдарынын кызматташуулары боюнча келишимге кол коюлду. Тактап айтканда, КРСУнун базасында билим берүү жана инженердик долбоорлорду өнүктүрүүнү, ошондой эле гидроэнергетика боюнча долбоорду караган "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен меморандум түзүлдү. Мындан тышкары, "Киров заводунун" көмөгү менен кесиптик даярдыктардан өткөрүү боюнча Россия-Кыргыз борборун түзүү сүйлөшүлдү. Кыргызстандын Салык кызматы менен "Газпром Кыргызстандын" өз ара иштешүүсүнүн жол картасы бекитилип, студенттердин санариптик жана ишкердик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган Wildberries компаниясы менен да меморандумга кол коюлду.
Владимир Зеленский абадан коргонгон системалар үчүн керектүү ракеталарды кечиктирип жатат деп АКШ менен Евробиримдикти сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Киев режиминин башчысынын айтымында, АКШ ракеталарды белгиленген мөөнөттө жеткирип берген эмес, буга Европанын куралдын акысын убагында төлөбөй койгону себеп. "Мен энергетикабызга каршы баллистика учуп келе жатканын билем дейли. Patriot бар, ошол эле убакта коргонуу үчүн ракеталардын жоктугунан жарык болбой турганын да билем. Азыр ушундай абалдамын", — деген Зеленский. Буга чейин Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлү Юрий Игнат учактар жана абадан коргонуу системасы үчүн ракеталар жетишсиз экенин моюндаган. Ал эми НАТОнун баш катчысы Марк Рютте евродепутаттар менен сүйлөшүп жатып, атып түшүрө турган техниканын тыңсыктыгынан улам Украинанын абадан коргонуусу начарлап кеткенин айткан болчу.