Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кирешелери соңку беш жылда дээрлик алты эсе өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ведомствонун 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында билдирди. Маалыматка караганда, эгер 2020-жылы чогулган салыктар 28 миллиард сом болсо, өткөн жылы бул сумма 157,4 миллиард сомго жеткен. "Мындай жыйынтыктарга жетүүдө "Смарт бажы" улуттук санариптик платформасын ишке киргизүү чоң роль ойноду. Бажы төлөмдөрү республика бюджетинин кирешесинин төрттөн биринен ашыгын түзөт. Акыркы жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын ар бир кызматкеринин түйшүгү да кыйла көбөйдү", – деп белгиледи Касымалиев. Өткөн жылы бажы кызматкерлери тарабынан 9 792 мыйзам бузуу жана кылмыштар аныкталган. Бюджеттин кошумча кирешеси 1,5 миллиард сомдон ашты, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышына ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусу пландалууда Бул тууралуу уюмдагы Кыргызстандын улуттук координатору Алмаз Букалаев билдирди. Анын айтымында, бул эки иш-чаранын убакыт-сааты бири-бирине туш келет. Ошондой эле ал Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында экология, коопсуздук жана башка багыттарды камтыган 40тай ири иш-чара өтөрүн белгиледи.
“Жусуп” тасмасы Москвада тартыла баштады Тарыхый-драмалык көркөм фильм мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган. Ал былтыр июль айынан бери тартылууда. Учурда тасманын айрым бөлүгү “Москино” кинопаркында тартылып жатат. “Бул окуя улуттук кинематография тарыхында өзгөчө мааниге ээ, анткени кыргыз киночулары аталган кинопаркта биринчи жолу көркөм фильм тартып жатышат. Ага Россия, Казакстандын белгилүү киноактерлору катышууда”, — деп белгилеген Маданият министрлиги. Фильмдин бет ачары быйыл август айында болот.
Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө 798 миң кыргызстандык жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Алардын ичинен 532 миң кыргызстандык Россияда болсо, алардын миграциялык каттоодо — 341 миңи турат. Калгандарынын макамы анык эмес: айрымдары транзит менен өтүүдө, айрымдары кирип-чыгып жүрүшкөндөр. Ал эми 2021–2022-жылдары миграциялык каттоодо 700–800 миң адам болгон. Көзөмөлдөгү реестр: Азыр РФнын көзөмөлдөгү адамдар тизмесинде 34 миң кыргызстандык калды Мурда бул көрсөткүч 124 миң адам болчу Министрлик миграциялык абал акырындап турукташып жатканын белгилейт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы жылдары кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу Өзбекстанды кызамыктан эркин өлкө макамынан ажыратты. Бул тууралуу Euronews`ка таянып жергиликтүү ЖМКлар кабарлады. Ушундай эле чечим Азербайжан, Австрия, Улуу Британия, Испания жана Арменияга карата да кабыл алынган. Маалыматка ылайык, аталган өлкөлөрдө 2024-жылы кызамыктын эпидемиясы катталган. Эл аралык эрежелерге ылайык, эгер вирус кайра кайтып келип, бир жылдан ашык убакыт бою үзгүлтүксүз жайылса, өлкө тиешелүү макамын жоготот. Адистер оорунун жайылышына негизги себеп катары массалык эмдөөнүн жетишсиздигин белгилешүүдө. Натыйжада калктын иммунитети төмөндөп, ооругандардын көпчүлүгү 10 жашка чейинки балдар экени аныкталган.