1-февралга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жекшембиде дыйканчылык аймактарда күн ачык болот, ал эми түнү тоолорго кар түшөт . Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 7…12, Талас аймагында 5…10, Ысык-Көл өрөөнүндө 2...7 , Нарын жергесинде -2…-7 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 9…11, Ош шаарында 8…10 градуска жетет.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу