Зеленский ракета жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратты деп АКШ менен ЕБге кине коюуда

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский абадан коргонгон системалар үчүн керектүү ракеталарды кечиктирип жатат деп АКШ менен Евробиримдикти сынга алды. Анын сөзүн "Страна.ua" келтиргенин РИА Новости жазды.
Киев режиминин башчысынын айтымында, АКШ ракеталарды белгиленген мөөнөттө жеткирип берген эмес, буга Европанын куралдын акысын убагында төлөбөй койгону себеп.

"Мен энергетикабызга каршы баллистика учуп келе жатканын билем дейли. Patriot бар, ошол эле убакта коргонуу үчүн ракеталардын жоктугунан жарык болбой турганын да билем. Азыр ушундай абалдамын", — деген Зеленский.

Буга чейин Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлү Юрий Игнат учактар жана абадан коргонуу системасы үчүн ракеталар жетишсиз экенин моюндаган.
Ал эми НАТОнун баш катчысы Марк Рютте евродепутаттар менен сүйлөшүп жатып, атып түшүрө турган техниканын тыңсыктыгынан улам Украинанын абадан коргонуусу начарлап кеткенин айткан болчу.
Трамп Путинден катуу суукка байланыштуу Киевге сокку урбоону суранды