"Акылга сыйбайт". Гутерриштин Донбасс, Крым боюнча айткандарына РФ ТИМинин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Гренландиядан айырмаланып, Крым менен Донбасстын калкына өз тагдырын өзү аныктоо деген принцип пайдаланылбайт, болбойт. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айткан.
"Биздин Укуктук маселелер боюнча башкармалыгыбыз бул маселени абдан кылдат карап чыгып, Крым менен Донбасс боюнча кырдаалга өзүнүн тагдырын өзү чечип, аныктап алуу деген принцип колдонулбайт деген жыйынтыкка келди. Биздин оюбузча, бул жерде аймактык бүтүндүк принциби үстөмдүк кылууда", — деген ал.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Гутерриштин айткандарына баасын берди.
"БУУнун катчылыгы соңку мезгилдери ашыкча кеткен, акылга сыйбаган кандай гана жыйынтыктарды чыгарган жок", — деп Захарова өзүнүн Telegram каналына жазган.
Мурдараак РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров БУУга алар Гренландия мисалындай эле Донбасс, Новороссия жана Крым элдеринин өз тагдырын өзү аныктоо боюнча укугун тааныйбы же жокпу деп сураганын айткан.
"Биз БУУнун баш катчысына дагы бир жолу суроо жөнөттүк. Эгер Гренландиянын эли өз тагдырын өзү чечет деп таанып жатса, анда БУУ Донбасс, Новороссия жана Крымдын калкы үчүн да ушундай укук керек деген ойдо болду бекен?" — деп Түркиянын ЖМКларына айтып берген.
Лавров БУУнун жетекчилиги Украинада нацисттик тартип сактоого ниет кылгандарга көз жуумп келгенин кошумчалаган. Бейтараптуулук, эч кимге тартпоо, калыс туруу, кандай гана, кимдин гана өкмөтүнөн болбосун, келген буйрукту аткарууга мүмкүн эмес деген нерселерди сактабай келгенин белгилеген.
Россия БУУдан Украинанын Херсон облусуна жасаган чабуулун айыптоосун талап кылды