БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Путинге Киевге убактылуу сокку урбоо өтүнүчү менен жеке кайрылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен президент Путинден ушул өзгөчө катуу суукта Киевди жана башка шаарларды аткылоону бир жумага токтото турууну сурандым. Анын берген макулдугу, чынын айтсам, жагымдуу болду", – деди Трамп администрациясы менен болгон жолугушууда.
АКШ президенти Киевдеги азыркы абалдын оордугун баалап жатып, Украина мурда болуп көрбөгөндөй катуу суукка кабылганын билдирген.
"Ал жактагы суук рекорддук деңгээлге жетти. Эгер бизде суук деп ойлоп жатсаңар, Украинада мындан дагы 20 пайызга суугураак", — деди ал администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушууда.
Маалыматка караганда, украиналык куралчан топтор күн сайын Россия аймагындагы жарандык объектилерге дрондорду багыттап жатат. Буга жооп катары РФ армиясы абадан, деңизден жана кургактан колдонулуучу жогорку тактыктагы куралдар, ошондой эле дрондор аркылуу Украинадагы аскердик объектилерге жана аскердик-өнөр жай комплекстерине сокку урган.
Жума жана ишемби күндөрү Абу-Дабиде коопсуздук маселелери боюнча Москва, Киев жана Вашингтондун өкүлдөрү катышкан үч тараптуу жумушчу топтун алгачкы жолугушуусу өттү. Тараптар жабык форматта АКШнын тынчтык планы боюнча чечилбей калган маселелерди талкуулашты. Кийинки жолугушуу 1-февралга пландалган. Мамлекеттик катчы Марко Рубионун айтымында, ал эки тараптуу форматта өтөт, бирок АКШ кошулушу мүмкүн.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, АКШнын баштапкы демилгесинде Донбасстын толугу менен Москванын көзөмөлүнө өткөрүлүшүн, аны жана Крымды Россияныкы катары таанууну, Запорожье жана Херсон облустарындагы байланыш сызыгынын көпчүлүк бөлүгүн тоңдурууну, Украина куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсеге кыскартууну, ошондой эле Украина аймагына чет элдик аскерлерди жана алыс аралыкка атылуучу куралдарды жайгаштырууга тыюу салууну камтыган.