БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын 14 кабаттуу жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчы жаңы медициналык комплекс улуттук коопсуздук системасын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгилеп, кызматкерлердин саламаттыгын сактоо өлкөнүн коопсуздугуна кам көрүү экенин айтты.
Маалыматка ылайык, 14 кабаттуу имаратта амбулатордук, стационардык, тез жардам жана реабилитациялык кызматтарды камтыган толук кандуу аскердик бейтапкана иштейт. Ал жогорку технологиялык медициналык жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалган.
Жаңы аскердик-медициналык кызмат УКМКнын, Чек ара кызматынын жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлейт.
Президент мындан ары да күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын кошумчалады.