БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" компаниясы Zenner "акылдуу" газ эсептегичтери орнотулган абоненттерге үч айга чейин карыз үчүн туум кошулбай турганын жарыялады. Мындай жеңилдик 2026-жылдын январынан март айына чейин иштейт.
Маалыматка караганда, бул 2025-жылдын октябрь–ноябрь айларында серверге маалыматтар туура өткөрүлбөй калгандыктан болду. Тагыраагы, эсептегичтер газдын колдонулган көлөмүн так эсепке алган, бирок маалыматтар эсептик системага түшкөн эмес. Мындан улам компания көрсөткүчтөрдү топтоо үчүн бардык чараларды көрүп, аларды кол менен чогултуу үчүн инспекторлорду жөнөткөн, бирок убакыттын тардыгынан алар бардык абоненттерге бара алышкан эмес.
"31-декабрдан 1-январга караган түнү бардык "акылдуу" эсептегичтердин көрсөткүчтөрү 100 пайыз алынып, иштелип чыкты. Ушундан улам күз айларында эсептери аз көрсөтүлгөн абоненттер январь айында күтүлгөндөн жогору эсеп-фактура алышты. "Газпром Кыргызстан" компаниясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт", — дешти ишканадан.
Маалыматка ылайык, туум 2025-жылдын декабрь айынын аягына чейин топтолгон карыздар үчүн гана токтотулат. Эгер карыз март айынын аягына чейин төлөнбөсө, 2026-жылдын 1-апрелинен баштап туум кайрадан кадимкидей эсептеле баштайт.
Ошондой эле мурда бардык абоненттерге көрсөткүчтөрдү телефон аркылуу берүү милдети коюлган. Көптөр муну унутуп коюшкан, кээде маалыматты атайын жашырып, текшерүүчүнү үйлөрүнө киргизбеген учурлар да болгон.
"Бул абал чыгымдарга жана жоготууга алып келди. Мындан тышкары, абоненттерге орнотулган эсептегичтердин көбү эскирген жана туура эсептебей калды. Нормалдуу иштөө мөөнөтү 8–10 жыл болсо, бул приборлор 20–25 жылдан ашык иштеп келет. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн "Газпром Кыргызстан" 2022-жылдан баштап абоненттерге "акылдуу" эсептегичтерди орнотуп жатат. Алардын иштөө мөөнөтү 10 жылдан ашат. Ар бир эсептегич мамлекеттик текшерүүдөн өтөт. Өлкөнүн эсептөө приборлорунун мамлекеттик реестрине кирген жана тактык менен ишенимдүүлүк талаптарына жооп берет", — деп белгилешти "Газпром Кыргызстандан".
Компаниянын түшүндүрмөсүнө караганда, телеметриялуу газ эсептегич механизми байланыш модулун камтыйт жана мындай принцип менен иштейт: эсептөө механизми эсептегичтен өткөн газдын чыныгы көлөмүн жазып турат. Байланыш модулу бул маалыматтарды серверге өткөрөт. Байланыш болбосо, көрсөткүчтөр модулдун эсинде топтолот жана байланыш калыбына келгенден кийин гана серверге жиберилет. Газдын колдонулушун каттоо байланыштан же сигналдын болушунан көз каранды эмес.
Газды колдонуу процессинде ал эсептегичтен өтүп, өлчөө механизмин иштетет жана сенсорлорду активдештирет. Мындай иштөө принциби чынында колдонулган газды так эсептөөнү камсыз кылат жана эч кандай кошумча автоматтык эсептөө болбойт.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы өлкөдө телеметрия менен жабдылган 97 миңге жакын заманбап газ эсептегичтерди орноткон.