Трамп Кубадан улам АКШда өзгөчө абал жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздуктан улам өлкөдө өзгөчө абал режимин жарыялап, коркунуч Кубадан келип жатканын айтты. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.
"Мен, Дональд Трамп, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Куба боюнча кырдаал Американын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына өзгөчө, олуттуу коркунуч жаратканын мойнума алып жана ушуга байланыштуу АКШда улуттук өзгөчө абал жарыялайм", — деп жазылган Ак үй бейшембиде жарыялаган Трамптын жарлыгында.
Документте Кубанын өкмөтү Кошмо Штаттарга зыян келтирип, коркунуч жаратканы үчүн аталган кадамды таштап жатканы баса белгиленет. Гавана Америка менен касташкан өлкөлөр жана улут аралык террордук топтор менен кызматташат делет. Бул тизмеге Россияны, Иранды, Кытайды, ХАМАС же Хезболла уюмун кошкон.
Жарлык Венесуэладан мунай жеткирүү токтотулгандан кийин, Трамптын Куба кыйроого жакындады деген кайра-кайра айтылган билдирүүлөрүнө тушташ чыкты.
Ал ошондой эле венесуэлалык нефть мындан ары аталган мамлекетке берилбей турганын белгилеп, аралга күйүүчү май жөнөтүүнү уланта турган башка өлкөлөргө да чара көрүлөрүн эскерткен.
Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШ Кубада бийликтин алмашуусуна кызыкдарлыгын, себеби автократиялык башкаруунун кетиши Вашингтондун кызыкчылыктарына жооп берерин белгилеген эле.
Куба президенти: АКШ кол салуунун арты кандай болорун түшүнүшү керек