Үйдү кайсы учурда сатканда киреше салыгы алынат. Салык кызматынын жообу

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Үй бир жылга жетпеген мезгил колдо туруп, аны кайра сата турган болгон учурда киреше салыгын төлөө талап кылынат. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов УТРКнын эфиринде айтты.
Ага ушул маселе боюнча суроо узатылган.
"Мисалы, жаран жыл ичинде 30 миң долларга жер тилкесин сатып алып, 50 миң долларга үй салып, кеткен жалпы чыгым 80 миң долларды түздү. Аны 90 миң долларга сатты. Бирок Салык кызматы ортодогу салыкты 10 миң долларга эмес, 50 миң долларга чегерип берип жатасыңар. Мүлктү сатуучулар кызматкерлерге чыгымдарды айтса "далилдеп бер" дешет экен. Иш жүзүндө ар бир ширетүүчү, малярдан чек алуу мүмкүн эмес. Ушул маселени жеңилдөтүү мүмкүнбү?" — деген суроо узатылган.
Рахманов андай учурда дүкөндөрдөн курулуш материалдарын сатып алууда чектерди сактап коюу зарылдыгын, ал чыгымдын бир бөлүгүн түзүп жатканын белгилеген. Тагыраагы, сатуучулар 50 миң доллар чыгымды далилдеп көрсөтсө маселе жоктугун айтты.
"Мисалы, 100 миң долларлык мүлктү 105 миң долларга сатса, беш миң доллар кирешеден салык алынат. Ал эми бир жыл өткөрүп сатса, төлөнбөйт. Анткени үч-төрт айдын ичинде үй салып, сатып алып же батирлерди оңдоп-түзөп, кайра үстөк пайыз кошуп саткан ишкерлер салыкты төлөшү керек", – деп түшүндүргөн Рахманов.
Ал киреше салыгы адамдар үйлөрдү өздөрү жашаш үчүн салганда төлөбөстүгүн кошумчалады.
Кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы үчүн салыктык жеңилдиктер берилет