Кыргызстандын Бажы кызматынын кирешеси соңку беш жылда 6 эсеге өстү

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кирешелери соңку беш жылда дээрлик алты эсе өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ведомствонун 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында билдирди.
Маалыматка караганда, эгер 2020-жылы чогулган салыктар 28 миллиард сом болсо, өткөн жылы бул сумма 157,4 миллиард сомго жеткен.
"Мындай жыйынтыктарга жетүүдө "Смарт бажы" улуттук санариптик платформасын ишке киргизүү чоң роль ойноду. Бажы төлөмдөрү республика бюджетинин кирешесинин төрттөн биринен ашыгын түзөт. Акыркы жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын ар бир кызматкеринин түйшүгү да кыйла көбөйдү", – деп белгиледи Касымалиев.
Өткөн жылы бажы кызматкерлери тарабынан 9 792 мыйзам бузуу жана кылмыштар аныкталган. Бюджеттин кошумча кирешеси 1,5 миллиард сомдон ашты, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматына бир катар тапшырмаларды берип, 2026-жылы бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 миллиард сом өлчөмүндөгү болжолдуу көрсөткүчтөрдүн толук аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.
Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясынын алкагында санариптештирүү да жүрүп жатат