Россия 1-февралга чейин Украинага сокку урууну токтотот

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ президенти Дональд Трамптын өтүнүчү менен Россия 1-февралга чейин Украинага сокку урбай турууга макул болгонун билдирди.
"Трамп Путинге сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында Киевге жана башка шаарларга 1-февралга чейин сокку урбоону өтүндү", — деди Песков.
Ал ошондой эле Владимир Путин Владимир Зеленскийди эч жакка чакырбаганын жана жолугушуу боюнча сунуш дагы бербегенин белгиледи.
"Жолугушуу уюштуруу демилгеси Зеленскийден чыккан. Путин ага "ооба, даярбыз, бирок жолугушуу Москвада гана өтөт" деп жооп берген", — деп тактады маалымат катчы.
Рубио Украинанын коопсуздук кепилдиктери боюнча жалпы келишим бар экенин айтты