БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кафе менен ресторандар кызмат көрсөтүү акысын оптимизациялап, тамак-ашты өзү келип же тапшырык менен алып кеткендерге 10 пайыздык арзандатуу киргизүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди
Эскерте кетсек, жыл жаңыргандан баштап коомдук тамактануу жайларына тейлөө акысын алууга тыюу салынган. Бирок тамактардын баасы 15 пайыздан ашык кымбаттаганы байкалган болчу. Мындан улам Монополияга каршы кызмат кафе-ресторан иштеткендерди чогултуп министрликтин, отельерлер менен рестораторлордун HoReCa Club ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кереге кеңеш өткөрдү.
Ишкерлердин айтымында, баанын көтөрүлүшү менен тейлөө акысынын чектелиши экөөнүн байланышы жок. Баа төмөнкү себептерден улам жогорулаган:
ижара акысынын көтөрүлүшү;
коммуналдык төлөмдөр менен күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы;
азык-түлүк баасынын жогорулашы;
эмгек акы жана салыктардын өсүшү.
Жыйынга келгендер тамак-ашты өзү келип же тапшырык менен алып кеткендерге 10 пайыздык арзандатуу киргизүүгө макулдашты. Жакын арада ишкерлер аналитикалык маалыматтарды даярдап, аны Монополияга каршы кызматка берет. Мунун негизинде бааны туруктуу кармай турган механизм иштелип чыкмай болду.
Мамлекеттик орган тамак-аштын баасын негизсиз көтөрбөөнү эскертти.