БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эл аралык резерви биринчи жолу 10 миллирд доллардан ашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Бүгүн биздин эл аралык резервдин көлөмү тарыхта биринчи жолу 10 миллиард доллардан ашты. Бул — өтө чоң жетишкендик. Өнүккөн ири өлкөлөрдүн көлөмү менен барабар боло баштады. Жөнөкөй тил менен айтканда, элиталык клубга кирдик", – деди Дайырбек Орунбеков.
Маалыматка ылайык, мындай көлөм өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын көлөмүнөн дээрлик 2 эсеге жогору болуп, валюта рыногун коргоого мүмкүндүк берет. Эл аралык резервдин учурдагы көлөмү товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги импортунун болжол менен тогуз айын жабат.
Садыр Жапаров өткөн декабрда резервдердин көлөмү 8,5 миллиард доллар экенин айткан.
Белгилей кетсек, эл аралык резерв улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын жана Кыргызстандын каржылык туруктуулугун колдоого, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат.