БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин катыштыруу пландалууда. Бул тууралуу уюмдагы Кыргызстандын улуттук координатору Алмаз Букалаев билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган учур ШКУнун саммити менен дал келет (августтун аягы — сентябрдын башы).
Букалаев ошондой эле Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде кеминде 40тай ири иш-чара өткөрүлөрүн белгиледи. Алар экология, коопсуздук, маалыматтык технологиялар жана башка багыттардагы кызматташтыкты камтыйт.
"Кыргызстан үчүн ШКУ сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык уюмга негизделгенине 25 жыл толгон маалда төрагалык кылуу чоң сыймык. Бул биз үчүн жөн гана административдик милдет эмес, мүчө мамлекеттердин ишениминин белгиси. ШКУнун алкагындагы негизги багыттар — коопсуздук жана экономикалык кызматташтык. Кыргызстанда быйыл уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын кеңири багыттарын камтыган көптөгөн иш-чаралар пландалган", — деди ал.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы 31-августта Бишкекте өтүп, жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көл жээгинде болот. Оюндарга 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат.