БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Быйыл суу тартыштыгы сугат иштеринде олуттуу көйгөй жаратышы ыктымал. Бул туурасында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Жаныбек Керималиев Жогорку Кеңеште айтты.
Аткаминер муну быйыл кар жылдагыдан аз жаап жатканы менен түшүндүргөн.
"Февралдын ортосунда Кыргыз гидрометеорология кызматы так божомолду берет. Бирок биз ага чейин эле дыйкандарга сууну аз талап кылган өсүмдүктөрдү эгүүнү сунуштап жатабыз", — деген Керималиев.
Ал айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандыруу боюнча мыйзам даярдалганын айтты. Эгерде жыл катаал болуп дыйкан жапа чегип калса, чыгымды камсыздандыруу компаниясы төлөп берерин белгиледи.
Эске салсак, Айыл чарба министрлиги мурдараак жаан-чачын аз жааганына байланыштуу быйыл суу тартыш болорун кулак кагыш кылган. Адистер дыйкандарды тамчылатып сугаруу технологияларын колдонууга, кургачылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдү айдап-себүүгө чакырган.