Баңгизатка көз каранды адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Аламүдүн районунун Дачное айылындагы инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоо борборунун базасында баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачуу пландалууда.
Мындай маселе саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиев менен жолугушканда көтөрүлгөнүн анын маалымат кызматы кабарлады.
Министр акыркы жылдары синтетикалык баңгизаттардын жаштар арасында кеңири жайылышы олуттуу көйгөйгө айланганын белгилеп, ага каршы күрөштө реабилитациялык жардамды күчөтүү зарылдыгын айткан.

“Жаңы мамлекеттик реабилитациялык борбор 80 орунга ылайыкталат. Ал эми инсульттан кийинки бейтаптар медициналык көрсөтмөлөргө жараша Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү боюнча илим-изилдөө институтуна жөнөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда мыйзамсыз иштеп жаткан реабилитациялык борборлордун ишин токтотуу жана жардам көрсөтүүнүн ачык, көзөмөлдөнгөн мамлекеттик системасын түзүү маселеси да талкууланган.
Саламаттык сактоо министрлиги ошондой эле Ички иштер жана Билим берүү министрликтери менен биргеликте алдын алуу иштерин активдештирүүнү көздөп жатат.
Бишкектин түнкү клубдарында милиция рейд жүргүздү