БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. АКШнын бийлиги Кубага күйүүчү май жеткирүүнү токтотууну демилгелеп, өлкө элинин жашоосун атайын кыйындатууну максат кылууда. Бул тууралуу Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья билдиргенин РИА Новости жазды.
Дональд Трамптын буга чейинки жарлыгына ылайык, эгер кайсы бир өлкө Кубага мунай сатса же жеткирсе, АКШ ал өлкөдөн келген товарларга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизиши мүмкүн. Ошондой эле Трамп Кубадан улуттук коопсуздукка коркунуч бар деген жүйө менен АКШга өзгөчө кырдаал жарыялаган.
"АКШ Кубага карата басымды күчөтүп жатканына биз катуу нааразыбыз. Эми АКШ өлкөгө күйүүчү май жеткирүүнү толук токтотууну каалап, блокадага алууну сунуштап жатат", — деп эсептейт Паррилья.
Ал дүйнө элине кайрылып, АКШ Кубага жана кубалыктарга карата адилетсиз жана катуу басым жасап жатканын жар салды. Анын айтымында, Куба 65 жылдан бери экономикалык блокадада жашап келет, эми элди андан да оор, чыдоого кыйын шарттар күтүп турат.
Ал ошондой эле Вашингтон бул кадамдарын актоо үчүн "калптын узун тизмесине" таянып, Кубаны өлкөгө коркунуч катары көрсөтүп жатканын белгиледи. Паррилья дүйнөдөгү тынчтыкка, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө реалдуу коркунуч – АКШнын Латын Америка өлкөлөрүнө карата саясаты экенин кошумчалады.