БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот. Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болушу ыктымал.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.