№13 округдан депутаттыкка кайра шайлоого талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңешке №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка кайра шайлоого талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 31 адам документ тапшырган. Алардын ичинен 21и — эркек, 10у — аял.
Бүгүн, 30-январга карата, 11 талапкер каттоодон өттү. Ал эми төртөө шайлоого катышуудан баш тартса, дагы бирөөсүн БШК каттаган жок. Калган 15инин маалыматтары текшерилүүдө.
Добуш берүү 1-мартка белгиленген.
Эскерте кетсек, 9-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы 30 шайлоо округунун ичинен 29унда добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен. 13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузуулар катталгандыктан жокко чыгарылган. Эрежеге ылайык, кайра шайлоо бир айдын ичинде дайындалып, ага мурунку 14 талапкердин бири да катыша албай турганы маалым болгон.
Кайра шайлоого республикалык бюджеттен 18 миллион 507 миң сом бөлүнөт. Сметага шайлоону уюштуруу жана маалыматтык камсыздоо, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, тамак-ашка берилүүчү суткалык төлөмдөр киргизилген.
Жапаров: шайлоого барууну милдеттендирүүчү мыйзам керек