Хоккей боюнча U20 курама командасы үчүнчү дивизиондо дүйнө чемпиону болду — эми кийинки этап кандай өтөт?

Sputnik
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин баарында тең жеңишке жетти. Алтын медалы багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду. Биринчиликтин өтүшү, кийинки этаптагы оюндар, машыктыруучулар штабы, күйөрмандар тууралуу Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбеков айтып берди.