Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Кафе-ресторан ээлери баа саясатын оптимизациялай турган болдуРоссия 1-февралга чейин Украинага сокку урууну токтотот"Газпром Кыргызстан" карыздар боюнча туумду 3 айга токтототКафе менен ресторандар кызмат көрсөтүү акысын оптимизациялап, тамак-ашты өзү келип же тапшырык менен алып кеткендерге 10 пайыздык арзандатуу киргизүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди Эскерте кетсек, жыл жаңыргандан баштап коомдук тамактануу жайларына тейлөө акысын алууга тыюу салынган. Бирок тамактардын баасы 15 пайыздан ашык кымбаттаганы байкалган болчу. Мындан улам Монополияга каршы кызмат кафе-ресторан иштеткендерди чогултуп министрликтин, отельерлер менен рестораторлордун ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кереге кеңеш өткөрдү. Ишкерлердин айтымында, баанын көтөрүлүшү менен тейлөө акысынын чектелиши экөөнүн байланышы жок. Жыйынга келгендер тамак-ашты өзү келип же тапшырык менен алып кеткендерге 10 пайыздык арзандатуу киргизүүгө макулдашты. Жакын арада ишкерлер аналитикалык маалыматтарды даярдап, аны Монополияга каршы кызматка берет. Мунун негизинде бааны туруктуу кармай турган механизм иштелип чыкмай болду.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы Zenner "акылдуу" газ эсептегичтери орнотулган абоненттерге үч айга чейин карыз үчүн туум кошулбай турганын жарыялады. Мындай жеңилдик 2026-жылдын январынан март айына чейин иштейт. Маалыматка караганда, бул 2025-жылдын октябрь–ноябрь айларында серверге маалыматтар туура өткөрүлбөй калгандыктан болду. Тагыраагы, эсептегичтер газдын колдонулган көлөмүн так эсепке алган, бирок маалыматтар эсептик системага түшкөн эмес. Мындан улам компания көрсөткүчтөрдү топтоо үчүн бардык чараларды көрүп, аларды кол менен чогултуу үчүн инспекторлорду жөнөткөн, бирок убакыттын тардыгынан алар бардык абоненттерге бара алышкан эмес. "31-декабрдан 1-январга караган түнү бардык "акылдуу" эсептегичтердин көрсөткүчтөрү 100 пайыз алынып, иштелип чыкты. Ушундан улам күз айларында эсептери аз көрсөтүлгөн абоненттер январь айында күтүлгөндөн жогору эсеп-фактура алышты. "Газпром Кыргызстан" компаниясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт", — дешти ишканадан. Маалыматка ылайык, туум 2025-жылдын декабрь айынын аягына чейин топтолгон карыздар үчүн гана токтотулат.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ президенти Дональд Трамптын өтүнүчү менен Россия 1-февралга чейин Украинага сокку урбай турууга макул болгонун билдирди. "Трамп Путинге сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында Киевге жана башка шаарларга 1-февралга чейин сокку урбоону өтүндү", — деди Песков. Ал ошондой эле Владимир Путин Владимир Зеленскийди эч жакка чакырбаганын жана жолугушуу боюнча сунуш дагы бербегенин белгиледи. "Жолугушуу уюштуруу демилгеси Зеленскийден чыккан. Путин ага "ооба, даярбыз, бирок жолугушуу Москвада гана өтөт" деп жооп берген", — деп тактады маалымат катчы.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 104 сом 39 тыйынга юань 12 сом 59 тыйынга рубль 1 сом 15 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ31-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн айрым жерлерде туман түшөт. 31-январь, ишембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот. Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болушу күтүлөт. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.