Жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзүндө жана биздин өлкөдө өлүмдүн негизги себептеринин катарында турат. Алардын ичинде тромбоз жана кан тамырларда пайда болгон бляшкалар өзгөчө кооптуу. Бул оорулар көп учурда адам байкабай турган шартта өнүгүп, күтүүсүздөн инфаркт, инсульт же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы, стресс, ашыкча салмак жана зыяндуу адаттар мындай коркунучтардын күчөшүнө өбөлгө түзөт.
Тромбоз деген эмне, кан тамырлардагы бляшкалар кантип пайда болот, алардын алгачкы белгилери кандай жана бул оорулардын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Ушул жана башка маанилүү суроолорго жооп алуу үчүн биз бүгүн кардиолог, жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча адис Чыңгыз Максүтов менен маек куруп, адистин кесиптик кеңештерин уктук.