Спорттук-ышкыбоздук балык уулоо атайын белгиленген эрежелердин жана талаптардын негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, балык уулоо учурунда атайын билет жана карточкалардын болушу милдеттүү. Билет аркылуу балык кармаганда көлөмү 3 килограммдан ашпашы керек. Ал эми ата-энесинин көзөмөлү менен 14 жашка чейинки балдарга 2,5 килограммга чейин балык уулоого уруксат берилет. Токтом боюнча, пенсионерлерге жеңилдик каралган эмес. Бирок майыптыгы бар жарандарга жана согуштун ардагерлерине балык уулоо билети акысыз. Спорттук-ышкыбоздук балык уулоо билетинин баасы түрүнө жараша бир күнгө 613 сомдон 313 сомго чейин болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин башкы адиси Бексултан Мелисбек уулу маалымадады.