Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Мамдума КРдин мигранттар боюнча ЕАЭБ сотуна кайрылуусуна жооп бердиТрамп Кубадан улам АКШда өзгөчө абал жарыяладыБаңгизатка көз каранды адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу пландалуудаАлдыда кененирээкАламүдүн районунун Дачное айылындагы инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоо борборунун базасында баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачуу пландалууда. Мындай маселе саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиев менен жолугушканда көтөрүлгөнүн анын маалымат кызматы кабарлады. Министр акыркы жылдары синтетикалык баңгизаттардын жаштар арасында кеңири жайылышы олуттуу көйгөйгө айланганын белгилеп, ага каршы күрөштө реабилитациялык жардамды күчөтүү зарылдыгын айткан. “Жаңы мамлекеттик реабилитациялык борбор 80 орунга ылайыкталат. Ал эми инсульттан кийинки бейтаптар медициналык көрсөтмөлөргө жараша Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү боюнча илим-изилдөө институтуна жөнөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта. Жолугушууда мыйзамсыз иштеп жаткан реабилитациялык борборлордун ишин токтотуу жана жардам көрсөтүүнүн ачык, көзөмөлдөнгөн мамлекеттик системасын түзүү маселеси да талкууланган.
Эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөсү Россияда ыктыярдуу камсыздандыруу полисин сатып алып, медициналык жардам ала алышат. Бул тууралуу Мамдуманын саламаттык сактоо комитетинин башчысы Сергей Леонов билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. Муну менен ал Кыргызстандын ЕАЭБ сотуна кайрылганына жооп берген. Леоновдун айтымында, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга фондго каражаты түшүп турган эмгек мигранттары укуктуу. Алардын Россияда иштебеген жакындары бул категорияга кирбейт. "Биз салык төлөгөндөр менен фонддун каражатын мигранттын жакындарынын пландык жана амбулатордук дарылануусуна төлөй албайбыз. Жардамды кошумча медициналык камсыздандыруу аркылуу алышса болот", — деп түшүндүрдү ал.
Кыргыз балы үчүн Евробиримдик рыногуна жол ачылды Еврокомиссия кыргыз балын биримдиктин аймагына киргизүүгө уруксат берген техникалык регламенттин атайын тизмесине кошкону айтылды. Айыл чарба министрлиги бул багытта көп жылдан бери аракеттер жасалганы менен сертификациялоонун катаал талаптарынын айынан кыргыз балын экспорттоого мүмкүн болбой келгенин билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздуктан улам өлкөдө өзгөчө абал режимин жарыялап, коркунуч Кубадан келип жатканын айтты. Мындай маалыматты РИА Новости жазды. "Мен, Дональд Трамп, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Куба боюнча кырдаал Американын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына өзгөчө, олуттуу коркунуч жаратканын мойнума алып жана ушуга байланыштуу АКШда улуттук өзгөчө абал жарыялайм", — деп жазылган Ак үй бейшембиде жарыялаган Трамптын жарлыгында. Документте Кубанын өкмөтү Кошмо Штаттарга зыян келтирип, коркунуч жаратканы үчүн аталган кадамды таштап жатканы баса белгиленет. Гавана Америка менен касташкан өлкөлөр жана улут аралык террордук топтор менен кызматташат делет. Бул тизмеге Россияны, Иранды, Кытайды, ХАМАС же Хезболла уюмун кошкон. Жарлык Венесуэладан мунай жеткирүү токтотулгандан кийин, Трамптын Куба кыйроого жакындады деген кайра-кайра айтылган билдирүүлөрүнө тушташ чыкты.