Жасалма интеллект учурда коомдун көп тармактарына кирип, чыгармачылыкта да активдүү колдонулууга өттү. Ал музыка, кино, видео, сүрөт, дизайн жана текст жаратуу жаатындагылардын кошумча бир куралына айланууда. Кыргызстанда да ЖИ активдүү колдонула баштаганына күн сайын интернет айдыңынан, уккан ырларыбыздан, сүрөттөрдөн, маркетинг продукцияларынан күбө болуп жатабыз. Бирок автордук укуктун корголушунда маселелер жаралууда.
Жасалма интеллект кантип туура колдонуп, креативдүү өнүктүрүү керектигин iLham студиясынын негиздөөчүсү, үн режиссер Осмон Туланов жана ЖИ менен жасалган “Сайра апа” долбоорунун негиздөөчүсү Бурулай Мырзакметова айтып берди.