Министрлер кабинети транспорттук каражаттардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн жыйымдардын баасын убактылуу төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, жыйымдар жеке жактар үчүн 35 миң сом, юридикалык жактар үчүн 55 миң сом, ал эми чет өлкөлүктөр үчүн 75 миң сом өлчөмдөрү белгиленди. Бул чечим унаа ээлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү жана уруксат кагаздарын жол-жоболоштурууда каржылык жүктү азайтуу максатында кабыл алынганы айтылды.
2026-жылы Саламаттык сактоо министрлиги онкологиялык ооруларды дарылоо программасын кайра карап чыгат. Бул тууралуу аталган министрликтин коллегиясында айтылды. Анда 2026-жылга карата Саламаттык сактоо министрлигинин негизги артыкчылыктарды аныкталгандыгы маалымдалды. Министр Каныбек Досмамбетов алардын катарына энелер жана ымыркайлар өлүмүн азайтуу, онкологиялык ооруларды дарылоо программасын кайра карап чыгуу, ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү кыскартуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды күчөтүү жана профилактиканы кеңейтүү кирерин айтты.Министр профилактика ооруларды дарылоодон — дени сак коомду калыптандырууга өтүүнү билдириши керек экенин белгиледи. Бул эрте аныктоо менен гана чектелбестен, сергек жашоо образын жайылтуу, тобокелдик факторлорун алдын алуу жана жарандардын өз саламаттыгына болгон жоопкерчилигин жогорулатуу экенин айтты. Ошондой эле эмдөөнү балдарды башкарылуучу жугуштуу оорулардан коргоонун эң маанилүү чарасы катары белгилеп, калктын иммунопрофилактикага болгон ишенимин бекемдөө жана эмдөөнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.
Соңку беш жыл ичинде мамлекетке 352 миллиард сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Башкармалыкта ыкчам иштердин 2025-жылга карата жыйынтыгын кароо боюнча коллегия өткөн. "Антикоррупциялык чаралар жана ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында соңку беш жылда мамлекетке 352 миллиард сомду түзгөн каржылык активдер, мамлекеттик мүлк объектилери, жер тилкелер жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылган", — деп маалымдайт УКМК. Бардык кайтарылган каражаттар президенттин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине берилет. Мамлекет башчынын жеке буйругу менен аларды социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга багыттайт. Эскерте кетсек, жогорудагы сумма курстун өзгөрүшү менен көрсөтүлгөн.