БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. ЖККУнун чек арасына жакын аймактарда абалдын чыңалып жатканы тынчсыздантат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Таалатбек Масадыков “Союзники. ОДКБ” басылмасындагы маегинде билдирген.
Ал дал ушундай татаал геосаясий шартта ЖККУ негизги аскердик-саясий түзүм катары ролун чыңдоону улантып жатканын айткан.
“30 жылдан ашык убакыт ичинде биз бир катар кризистерди алдын алууга же алардын кесепеттерин жумшартууга жетиштик. Албетте, мындан ары да алдын алуучу, саясий жана дипломатиялык ыкмаларга артыкчылык беребиз”, — деген ал.
Масадыков уюм аймактык коопсуздукту камсыздоодо жана коркунучтарга биргелешип жооп кайтарууда маанилүү роль ойной турганын айткан.