БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жакшыртуу максатында апробациялык тартип киргизди. Бул тууралуу президенттин сайтындагы жарлыкта жазылган.
Ага ылайык, 30-январдан баштап 30-августка чейин жеке автомектептердин лицензиясы токтотулат.
Ал эми мамлекеттик автомектептер ишин жүргүзө берери айтылды.
Буга чейин Жапаров Кыргызстандагы жеке автомектептердин көпчүлүгү айдоочуларды сапаттуу даярдоого эмес, акча табууга багытталганын айткан.