БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда өспүрүм кызга зомбулук көрсөттү деген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун 37 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 9-январда 16 жаштагы Р.М. аттуу кыз үч адам тарабынан себепсиз сабалып, зомбулукка кабылганын билдирген. Кыздын төбө чачы жана каштары күч менен кырдырылып, ар кайсы жеринен жаракат да алганын да кабарлаган.
Жабырланган өспүрүм Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Бул факт боюнча 138-берене ("Сабоо жана кыйноо") боюнча иш козголгон.
19 жаштагы Н.А., 37 жаштагы Т.Н. аттуу аял шектүү катары кармалып, бир айга камакка алынды.
Милиция алардын эмне себептен мындай ишке барганы белгисиз болуп жатканын, кылмышка шектүү Т.Н. аттуу аял мурда бейбаштык жана алдамчылык үчүн соттолгонун айтты.