Рубио Украинанын коопсуздук кепилдиктери боюнча жалпы келишим бар экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинага карала турган коопсуздук кепилдиктери боюнча жалпы макулдашуу болгонун АКШнын Сенатындагы комитетте сүйлөп жатып айтты.
"Учурда коопсуздук кепилдиги боюнча кеп арбын айтылууда. Эгерде Украина боюнча сөз кылсак, негизинен бул жаатта жалпы макулдашуу бар", — деген Рубио.
Ал аталган маселе Европа аскерлеринин "чакан контингентин" (айрыкча франциялыктарды) жайгаштырууну, ошондой эле АКШнын колдоосун камтый турганын белгиледи. Американын көмөгүсүз мындай кепилдиктер "пайдасыз" болот деп белгилеген.
Мамлекеттик катчынын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду эки тараптуу болуп, бирок ага Кошмо Штаттар да катышат.
РФ ТИМи Украинага НАТОнун аскерлерин жайгаштыруу такыр болбой турганын, жагдай кырдаалды кескин курчутуп жиберерин айтып келет. Россия лидери Владимир Путиндин РФ чек арасына жакын жайгашкан чет элдик аскерлер алардын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен жайы бар.
24-январда БАЭде Россия, Украина жана АКШнын делегациялары катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады. Алар Американын тынчтык планындагы чечиле элек маселелерди талкуулаган. Кезектеги жолугушуу 1-февралга пландалды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рубио: АКШ Украина боюнча макулдашууну кепилдик бергиче түзүү ниетинде