БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы союздаштары АКШ президенти Дональд Трампты Иранга сокку урбоого чакырышууда. The New York Times гезити алар чабуул аймакта жаңы масштабдуу жаңжалдын тутанышына себепкер болот деп эсептешерин жазды.
Белгиленгендей, Вашингтондун региондогу союздаштары бир нече жумадан бери чыңалууну басаңдатуу жана Иранга сокку урууну алдын алуу иштерин жасап келишет.
Ал арада Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи өлкөнүн куралдуу күчтөрү бардык агрессияга жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда ал Иран өзөктүк программа боюнча АКШ менен калыс келишим түзүүгө кызыкдар экенин белгилеген.
Ошондой эле Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси Али Шамханинин айтымында, Тегеран АКШ тарабынан жасалган ар кандай агрессивдүү аракетти толук масштабдуу согуштун башталышы катары кабыл алат.