БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн кыргызстандыктарды аталган өлкөнүн бир катар шаарларында уланып жаткан нааразылык акцияларына катышпоого чакырды.
Эске салсак, Миннеаполисте (Миннесота штаты) иммиграциялык полициянын (ICE) рейди учурунда адам өмүрү кыйылган окуядан кийин нааразылык чыгып, ал башаламандыкка айланып кеткен. Шаардын көчөлөрүнө согуштук оор техника тартылып, ал эми митингге чыккандар баррикадаларды орноткон.
"ТИМ жарандарга ким экендигин тастыктаган документти дайыма жанына сала жүрүүнү жана иммиграция статусунун учурдагы абалын, ошондой эле уруксат берүүчү документтердин колдонуу мөөнөтүн текшерип турууну сунуштайт", — деп айтылат кайрылууда.
Эгерде зарылдык жаралса АКШдагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылуу керек.
Ыкчам байланыштар:
Кыргызстандын АКШдагы элчилиги (Вашингтон ш.): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-29-24;
Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42;
ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.