БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. ЕАЭБде суутек менен жүрүүчү транспорт каражаттарын өндүрүү жана алар үчүн атайын станцияларды ачуу пландалууда.
Евразия экономикалык комиссиясы бул тармакты интеграциялык бирикменин алкагында өнүктүрүү боюнча сунуштаманы колдоого алды. Документте бир катар багыттар каралган, анын ичинде суутек менен иштеген техника үчүн компоненттерди чыгаруучу өндүрүштү ылайыкташтыруу да камтылган.
Азырынча бул нормалар жеңил унааларга же транспорттун башка түрлөрүнө тиешелүү экени тактала элек.