Өлкөдө ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердики көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. 2025-жылы республикада ымыркайлардын өлүмү азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылганын маалымат кызматы кабарлады.
Анда өлүм көрсөткүчү 1000 ымыркайга 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөгөнү айтылат. Ал эми төрөттөн 2024-жылы 36 аял көз жумса, былтыр 48 эне каза болуп, өлүм көрсөткүчү 35,4 пайызга жогорулаган.
Министр Каныбек Досмамбетов эне-баланын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч экенине токтолуп, аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.
Өзгөндө 2 айлык ымыркай кыйма жасалгандан кийин чарчап калды