Өлкөдө 11 касапкана гана ЕАЭБдин талабына ылайык иштейт

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бүгүнкү күндө республика боюнча 117 мал союучу жай катталганы менен алардын баары эл аралык талаптарга жооп бере бербейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, касапканалардын болгону 11и гана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына жооп берип, бирдиктүү реестрге киргизилген.
"ЕАЭБ талаптарына жооп берген мал союучу жайларда даярдалган эт гана чет мамлекеттерге экспорттолот. Анткени бул жайларда санитардык тазалык толук сакталып, өзүнчө ветеринардык лабораториялары иштейт. Ар бир мал ветеринардык көзөмөлдөн өтөт. Негизинен мал атайын ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген мал союлуучу жайларда гана союлушу керек. Малга тиешелүү маалым кат талап кылынып, уйларда бирка, жылкыларда чип болушу шарт. Ошол аркылуу малдын кайсы аймактан келгени, оорубагандыгы, ээсинин аты-жөнү, чыгыш номери сыяктуу толук маалымат алынат. Союлгандан кийин ич эти лабораториялык текшерүүдөн өтүп, клиникалык көзөмөл жүргүзүлөт. Бардык талаптар аткарылган соң этке штамп басылып, QR-коду бар ветеринардык-санитардык лабораториянын изилдөө протоколунун маалым каты берилет. Ошонун негизинде базардагы, дүкөндөгү сатуучулар этти кабыл алат. Телефон аркылуу сканерлеп, эт тууралуу толук маалымат алууга болот", — деди Шарапов.
Мындан тышкары, ал эт саткан сатуучулар ветеринардык маалымат камтылган QR-кодду кардарлар көрө турган жерге илип коюшу керектигин, сатып алып жаткан адам аны соодагерден талап кылууга укуктуу экенин кошумчалады.
Кыргызстанда бардык нерсе кымбаттады. Статком өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды