Мерц Украинанын тез арада Евробиримдикке кошулуу мүмкүнчүлүгүн четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украинанын Евробиримдикке тез арада киришин четке какты. Бул туурасында РИА Новости Die Zeit басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
"Ал 2027-жылдын 1-январында (ЕБге — ред.) кирет деген нерсе такыр мүмкүн эмес", — деп канцлер Германиядагы саясий ири партиянын лидерлери менен сүйлөшкөн соң билдирген.
Мерцтин айтымында, ЕБдин курамына кирүүнү каалаган ар бир мамлекет алгач Копенгагендин критейирлерине жооп бериши керек. Бул процесске адатта бир нече жыл кетет.
"Украина менен Европа биримдигин акырындап жакындатуу шарт. Муну жасаса болот, бирок мүчөлүккө мындай тез кабыл алуу мүмкүн эмес", — деп Мерц жыйынтыктаган.
Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто мурдараак Украинанын ЕБге кирүү критерийлерин аткаруу жөндөмүнөн шек санаганын айткан. Ошол эле мамлекеттин өкмөт башчысы Виктор Орбан Брюсселдегилер Украинанын Евробиримдикке 2030-жылга чейин мүчө болуп калышын каалай турганын билдирген. Премьердин пикирине таянсак, Киевдин ЕБге кириши венгр экономикасын талкалайт. Орбан биримдик Украинага жардам кылбастан колонияга айлантып, жаңжалды улантууга мажбурлагысы келип турганын белгилеген. Бул колониялаштыруунун бир ыкмасы экенин белгилеген.
Венгрия Евробиримдикти жактаарын, бирок Украинанын шашылыш киришине каршылыгын билдирген болчу. Будапешт макул болмоюн, Киев эч качан уюмга мүчө боло албастыгын дагы бир ирет кошумчалаган.
Буга чейин Владимир Зеленский Украинаны 2027-жылга чейин кабыл алууну ЕБден талап кылган. Ал "согуштун соңуна чыгышы боюнча" келишимде "так дата" айтылышы керек деген шарт койгон.
FT: Мерц Киевге берилчү жардамдын көбү Берлиндин мойнуна түшөт деп кооптонууда