Манаста кыз ала качкан деп төрт киши камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Манас шаарында 23 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу Манас ШИИБине арыз менен кайрылган. Ал 28-январь күнү саат 21:00 чамасында Пушкин көчөсүндө курбу кызы менен бара жаткан учурда белгисиз төрт киши күч колдонуп, шейшепке ороп, Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкенин билдирген.
Факт Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси ("Ала качуу") боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 32 (үчөө) жана 33 (бирөө) жаштагы шектүүлөр Кызыл-Сеңир айылынан кармалып, Манас ШИИБине өткөрүп берилген.
Баары тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
Бишкек — Ош жолунда кызды ала качып бараткандар кармалды