БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөсү Россияда ыктыярдуу камсыздандыруу полисин сатып алып, медициналык жардам ала алышат. Бул тууралуу Мамдуманын саламаттык сактоо комитетинин башчысы Сергей Леонов билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Муну менен ал Кыргызстандын ЕАЭБ сотуна кайрылганына жооп берген. Леоновдун айтымында, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга фондго каражаты түшүп турган эмгек мигранттары укуктуу. Алардын Россияда иштебеген жакындары бул категорияга кирбейт.
"Биз салык төлөгөндөр менен фонддун каражатын мигранттын жакындарынын пландык жана амбулатордук дарылануусуна төлөй албайбыз. Жардамды кошумча медициналык камсыздандыруу аркылуу алышса болот", — деп түшүндүрдү ал.
Леонов эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө мурдагыдай эле медициналык шашылыш жардам акысыз көрсөтүлөрүн жана мындан эч ким баш тартпай турганын белгиледи.
Буга чейин Кыргызстан ЕАЭБ сотунан мигранттарды камсыздандыруу тартибин тактап берүүнү өтүнгөн.