Депутат Көкүлов Old Bishkek долбоору боюнча жетекчилерди зекиди

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов бүгүн парламенттин пленардык жыйынында борбор калаанын чок ортосунда ишке ашырылып жаткан Old Bishkek долбоору боюнча пикирин билдирди.
Эл өкүлү Бишкекте "мындай башаламандык болуп жатканда" тиешелүү органдар кайда карап жатканын сурады.
"Нариман Түлеев деген ишкер сала турган имараты эки кабат болорун долбоордо көрсөтүп туруп, үч кабат кылып салып алды. Аны Камчыбек Кыдыршаевич барып токтотту. Бизде башка киши жокпу? Сөзсүз эле президент же Ташиев барышы керекпи? Ага чейинки органдар эмне кылып жатты? Алар эмнеге айлык алып жатат? Эмне эркелеп жүрөсүңөр, кетпейсиңерби", — деди депутат.
Көкүлов минкаб мүчөлөрү өз иштерин так аткарбай жатканын белгиледи. Анын айтымында, өкмөттүн айрым мүчөлөрү бийликтин ишине көлөкө түшүрүп жатат.
Ал эми Жанар Акаев коомдо нааразычылык күч алып жатканын белгилеп, минкабды парламентке чакырууну суранды. ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу эл арасында нааразычылыктан улам кийинки бейшембиде парламентте өкмөт күнү болорун айтып, даярдык көрүүнү тапшырды.
Кечээ дагы депутаттар минкабдын бир катар ишине сын айтып, жооп алуу зарылдыгын белгилешкен.
Ташиев ЦУМдун жанына салынган имараттын үчүнчү кабатын буздурууну тапшырды