Депутаттар кызматтык автоунаа алды, айдоочу жана калган чыгымын өздөрү жабат

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берилди, бирок айдоочуларды өздөрү жалдашы керек. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга атын атагысы келбеген парламентарий билдирди.
Кечээ президенттин иш башкармалыгы эл өкүлдөрүнө LiXiang L7 үлгүсүндөгү жаңы автоунааларды тапшырган. Депутаттар ар кимиси өзүнө бөлүнгөн темир тулпардын материалдык жоопкерчилигин ала тургандыгы боюнча кол коюп беришкен.
Автоунааны кароо, зарылдык жаралса оңдоп-түзөөгө байланышкан башка чыгымдарын төлөө парламентарийлердин мойнуна жүктөлдү. Автоунаа кытай өндүрүшүнөн чыккандыктан, анын системасындагы функцияларды түшүнүктүү тилге котортууну да эл өкүлдөрү өздөрү жасашы керек.
ЖК спикери: жыйынга келбеген депутаттын айлыгы кыркылат. Видео