Кыргызстанга кирген чет өлкөлүктөргө да жеке идентификациялык номер берилет

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанга кирген чет элдик жарандарга жеке идентификациялык номер берүү боюнча министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке таянсак, номер чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу ыйгарылат.
Жаңы тартип миграциялык каттоону жөнөкөйлөтүүгө, маалыматтардын тактыгын жогорулатууга жана чек ара кызматкерлери тарабынан адамды дароо идентификациялоого мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрдү