Бишкектеги Бакай-Ата конушунда эки кичинекей бала көлмөгө чөгүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкекте эки кичинекей бала көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата конушундагы көлмөгө 9 жаштагы кыз жана 6 жашар бала түшүп кеткен. Экөөнүн бир тууган экени айтылууда.
ӨКМ куткаруучулары балдардын сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.
Өлкөдө ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердики көбөйдү