БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Соңку беш жыл ичинде мамлекетке 352 миллиард сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Башкармалыкта ыкчам иштердин 2025-жылга карата жыйынтыгын кароо боюнча коллегия өткөн.
"Антикоррупциялык чаралар жана ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында соңку беш жылда мамлекетке 352 миллиард сомду (4,14 миллиард доллар) түзгөн каржылык активдер, мамлекеттик мүлк объектилери, жер тилкелер жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылган", — деп маалымдайт УКМК.
Бардык кайтарылган каражаттар президенттин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине берилет. Мамлекет башчынын жеке буйругу менен аларды социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга багыттайт.
Эскерте кетсек, жогорудагы сумма курстун өзгөрүшү менен көрсөтүлгөн.