Алтындын унциясы 5,5 миң долларга чейин көтөрүлүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Биржада алтындын баасы кезектеги тарыхый жогорку чекке жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Соода маалыматтарына ылайык, шаршемби күнү түнкүсүн Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын баасы бир троя унциясы үчүн 5 584,3 долларга чейин көтөрүлдү. Бир күн мурда алгачкы жолу 5 200 доллардан ашкан.
Россиялык "БКС Мир инвестиций" компаниясынын фондулук рынок боюнча эксперти Александр Шепелевдин айтымында, эгерде дүйнөдө абал курчуп, санкциялар сакталып, соодадагы деглобализация күчөй берсе, алтындын баасы 3-4 жылдын ичинде 10 миң долларга чейин жетиши мүмкүн.
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы өсүүдө